• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкек - Ош жолунда жана Долон ашуусунда кар көчкү атып түшүрүлдү — видео

Аймак 0


Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда кар көчкү атып түшүрүлдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бишкек - Ош трассасында дагы кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери улантылып жаткандыгын ӨКМден билдиришти. Алсак, аталган унаа жолдун 227-чакырымында Үч-Чаты тилкесинде жалпы төрт даана снаряд атылып, натыйжада 217 миң 500 куб метр кар көчкү түштү.

Унаа жолу жабылган эмес.

Ал эми саат 13:40тан саат 14:20га чейин 223-чакырымындагы Шаркыратма тилкесинде жалпы 14 даана снаряд атылып, натыйжада 36 миң куб метр кар көчкү түштү.

Учурда жалпысынан 253 миң 500 куб метр кар көчкүсү түшүрүлгөн. Кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иш-чаралары Бишкек - Ош унаа жолунун 222-чакырымында улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий