Ушул аптада кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-февралдан 27-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

21-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

24-февралда жана 25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-февралда күндүз жана 26-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-24-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-24-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда жана 26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-24-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-февралда жана 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-февралда күндүз жана 23-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын кутүлбөйт.

23-февралда күндүз жана 24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-24-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-25-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-24-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий