• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Бишкек – Ош жолундагы ашууларга кар күрткүсүнөн коргоочу тосмолор орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашуусуна кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Бишкек – Ош жолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоору (гранттык) тарабынан жүзөгө ашырылды.

Атайын тосмолор жолдун 125-129-чакырым аралыгына (Төө-Ашуу) жана 216-222-чакырым аралыгына (Ала-Бел) коюлду. Төө-Ашууга жалпы узундугу 2008 метр, ал эми Ала-Белге 3908 метр, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор орнотулду.

Белгиленгендей, долбоор жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий