• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү: Жолдо 100дөн ашуун унаа кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен “Сосновка” постунда 5 жеңил жана 50 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Андан тышкары “Арал” постунда 35 жеңил жана 60 оор жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, айдоочуларга жана жүргүнчүлөрүнө ысык тамак жана чай берүүчү пункту уюштурулуп, тез жардам кызматынан бир унаа нөөмөттө турат.

“Арал” постуна да 2 чатыр тигилип, жүргүнчүлөргө ысык чай берилүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-мартта кечки саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, унаа жол толугу менен жабылган.

Учурда жеринде куткаруучулар жана атайын техникалар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий