• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында Казакстанга чыгуу үчүн 614 унаа кезек күтүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү жайларында саат 12:00го карата жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталды.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаалар төмөндөгүдөй топтолду:

- “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында - 379;
- "Чалдыбар-автожол" КӨЖда - 73;
- "Кен-Булун-автожол" КӨЖда - 89;
-"Чон-Капка-автожол" КӨЖда -73.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга медициналык, психологиялык жактан жардам жана кеңеш берилип, ысык тамак уюштурулган.

Ошол эле учурда КР Айыл чарба министрлигинин сугат тармактары боюнча илимий-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Улан Чортомбаев Facebook баракчасына казак тарап аларды суу менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Кыргызстандан келген унааларды өткөрбөй жатканын айтып, казак бийлигине кайрылуу жасаган.

Бирок, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга дооматы жок экенин билдирип, бул кечээ эки тараптуу телефондук сүйлөшүүлөрдө тастыкталганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий