• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги: Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга дооматы жок

Коом 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында казакстандык кесиптештер менен болгон акыркы сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.

Анын айтымында,Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга эч кандай дооматы жок, бул кечээ телефон аркылуу эки тараптуу сүйлөшүүдө тастыкталды

"Балким казак тарапка дыйкандар, ЖМК тараптан басым жасалып, алар дароо маалымат бере албаган болушу мүмкүн. Бирок расмий булактарда алардын дооматтары тууралуу сөз болгонун көргөн жокмун. Биринчи жолу алар маалымат бергенде август айында аларга 45 млн кубметр керек экенин айтышкан. Бирок ошол билдирүүдө мындай көлөм жок экенин жазып, үтүр коюш керек болчу. Балким, бул үтүр маалымат каражаттары тарабынан түшүрүлүп калгандыр. Алар бизге телефон чалган жок, расмий кат да жөнөтүшкөн жок – биз эч кандай даттанууларды уккан жокпуз", - деди Сокеев.

Ал кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандан чыга албай турган оор жүк ташуучу унаалардын кезегине байланыштуу суроо ага тиешелүү эмес экенин айтып жооп берген жок.

"Мен казак тараптын позициясын айта кетейин. Суу себеп эмес. Бул алардын расмий билдирүүсү. Биз бардык милдеттенмелерди аткарып жатабыз. Чек арада буга окшош абал мурда дагы болгон, быйыл да кайталанып жатат, себебин билбейм. Мен өз компетенцияма жараша гана жооп бере алам", - деди Сокеев.

Муну менен катар Суу ресурстары кызматынын директору 17-июлда Кыргызстанга Казакстандын суу кызматынын өкүлдөрү келгенин айтты. Анда алар Киров суу сактагычынан өздөрүнүн суу лимитин 5-августка чейин алуу каалоосун айтышкан.

"5-августтан тарта суу берүү токтотулду. Өз тарабыбыздан сууну үнөмдөп, дыйкандарга жеткирдик. Кечээ мен кесиптештерим менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Эч кандай көйгөй жок экенин дагы бир жолу тастыкташты. Алар макул, биздин өлкөгө эч кандай дооматтар жок", - деп кошумчалады Сокеев.

Бүгүнкү күндө Чүй дарыясынан казак дыйкандарына суу берүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий