• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксыда бензин ташыган унаа оодарылып, 8 куб солярка күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Кечээ, 23-августта Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, өрттөнүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулардын аракети менен тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб солярка, андан тышкары өрттүн көлөмү чоң болгондуктан 15 га куураган чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий