• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн окуучу кызды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Бишкекте айдоочу Карл Маркс менен Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 07:40та катталган.

""Хонда Фит" унаасынын 30 жаштагы айдоочусу 13 жаштагы 8-класстын окуучусун көчөдөн өтүп бара жатканда сүзүп алган. Ал мас болгон эмес. Учурда окуучу кыз 3-балдар ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий