• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 19-октябрда саат 21:16да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында - 3 балл, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий