• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган дагы бир жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган дагы бир жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн аймакта дагы 2 адам дайынсыз болууда.

"Бүгүн издөө жана унаа жолду тазалоо иш-чараларынын натыйжасында саат 15:30 чамасында 1 кытай (аты-жөнү такталууда) жарандын жансыз денеси табылган. Учурда 2 кытай жаранын издөө иш-чаралары жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн түшкө маал Жалал-Абадда кар астында калган 24 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү табылган.

Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин унаалары менен басып калган.

Пикир

Оставить комментарий