• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштогу "Царский двор" кафесинен чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы "Царский двор" кафесинен чыккан ири өрт толук өчүрүлдү, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 15:20да чектөөгө алынып, саат 16:26да толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 375 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий