• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө куткаруучулар дайынсыз жоголгон 22 жаштагы жаранды издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө куткаруучулар дайынсыз жоголгон 22 жаштагы жаранды издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 102 кызматына 24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде Т.Э. аттуу жигитке таандык буюмдар табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу, 19 суучул, 5 милиция кызматкери тартылган. Азырынча издөө иштеринен натыйжа жок.

ӨКМден кошумча маалымат берилерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий