• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ОшМУ Түштүк Кореянын Кванджу университети менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети менен Түштүк Кореянын Кванджу университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

ОшМУдан билдиришкендей, кол коюу аземи Кванджу университетинде өтүп, ага ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсант Аттокуров, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов, директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары Дамира Акматова, университеттин аккредитация жана лицензиялоо секторунун башчысы Кулсара Султанова катышты.

Кванджу университети менен түзүлгөн келишимде академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, конок лекцияларды, мастер-класстарды уюштуруу, эл аралык долбоорлорду, илимий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүү, кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгууга багытталган кызматташтыктар камтылган.

Делегация иш сапардын алкагында Пусан университетинде да болушуп, академиялык мобилдүүлүк боюнча аймак таануу адистигинде билим алып жаткан Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери менен да жолугушуп, алардын окуу пландары, жашоо шарттары боюнча пикир алышып, сунуштарын угушту.

Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын кызматташтыктарын бекемдөөнү максат кылган иш сапар окуу жайдын Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин жетекчилиги тарабынан демилгеленген.

Иш сапар 21-январдан 27-январга чейин уланып, делегация Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларында байланыштарды кеңейтүү багытында жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий