• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочуларга эскертүү! Унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлө турганын кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт:

- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында.

Белгиленгендей, кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.

"Урматтуу айдоочулар! Буга байланыштуу аталган унаа жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 м аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий