Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Катталган партиялардын тизмеси:
- “Жашыл Кыргызстан партиясы”;
- “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы;
- “Ата-Мекен”;
- “Легалайз”;
- “Эмгек”
- “Бүтүн Кыргызстан”;
- “Улуу-Журт”;
- “Социал-Демократтар”;
- “Патриот”;
- “Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы”.
Эскерте кетсек, жергиликтүү шаардык кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.
Пикир
Оставить комментарий