• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкек шаардык перинаталдык борборунун шарттары жакшыртылды

Ден соолук 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримов Бишкек шаардык перинаталдык борбордо энелерге жана балдарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышуу максатында барышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, 385 орундуу перинаталдык борбор кош бойлуулуктун патологиясы бар аялдарга адистештирилген жардам көрсөтүүчү экинчи даражадагы медициналык мекеме болуп саналат.

2024-жылдын 11 айында бул жерде 11 миңден ашык бала төрөлгөн. Неонаталдык эрте өлүмдүн 22,4%дан 17,2%га чейин кыскарышы маанилүү жетишкендик болду.

Делегация жаңыланган бөлүмдөрдү, жаңы медициналык жабдууларды, анын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн реанимация системаларын, балдардын инкубаторлорун жана өпкөнү жасалма желдетүү аппараттарын карап чыгып, ошондой эле борбордо жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты.

Борбордун башкы дарыгери быйылкы жылы алар 18 млн сомдук оңдоо иштерин жүргүзүшкөнүн, анын ичинен 7 млн сому чоңдор үчүн реанимация бөлүмдөрүн оңдоого бөлүнгөнүн, мындан тышкары "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу 16 млн сомго жабдыктар алынганын билдирди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов Бишкек шаардык перинаталдык борбору энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн каржылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун үлгүсү болуп саналарын белгиледи.

"Заманбап технологиялар жана жаңыланган инфраструктура өлүмдү кыскартууга жана жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий