• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иш-чаралары уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында залалсыздандыруу иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адил Чаргынов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 12 290 м2 имараттын ичи, 1 695 199 м2 имараттын сырты, 4 109 095 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 23 529 кг хлор, 100 литр суюк хлору сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий