• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Бишкек шаарында масштабдуу климаттык форум өттү

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлдеги тажрыйба жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр” темасында масштабдуу климаттык форум өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл, АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков жана министрликтердин, 7 облустун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулуктардын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын 200гө жакын өкүлдөрү катышты.

Форумда Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшү — жашоонун бардык тармактарына: социалдык-экономикалык өнүгүүдөн тартып, айлана-чөйрөгө жана калктын бакубаттуулугуна таасир эткен эң маанилүү маселелердин бири экенин белгиледи.

"Кыргызстан тоолуу рельефи жана айыл чарбасына көз каранды өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аялуу. Ошондуктан, бул чакырыкка биздин чара көрүүбүз комплекстүү жана өз убагында болушу керек. Министрлер кабинети жаңы шарттарга адаптациялоо боюнча активдүү чараларды көрүүдө. Негизги документтердин бири – Улуттук адаптация планы”,- деп белгиледи.

Ал өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык демилгелерди ишке ашыруудагы жигердүү аракеттерин баса белгилеп, талкуунун чордонунда "Жергиликтүү деңгээлдеги тажрыйба жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр" темасы, ошондой эле Кыргызстандын 2030-жылга карата парник газдарынын чыгарылышын 44%га азайтуу боюнча стратегиясы экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, иш-чара министрлер кабинетинин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун, кошумча каржылоо (СOVID-19 чара көрүү боюнча)" жана “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000” долбоорлорунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий