• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстан менен Италиянын ишкерлеринин ортосунда байланыш түзүү аракети көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кечээ, 23-ноябрда Кыргызстандын Италиядагы элчисы Таалай Базарбаев Ломбардия аймагындагы Брешиа шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Роберто Сакконе менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки мамлекеттин ишкерлерине өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Элчи Базарбаев Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы, бизнес жүргүзүү шарттары, ошондой эле чет элдик инвесторлорго берилген жеңилдиктер менен тааныштырды. Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялык паспорттор италиялык тараптын кароосуна берилди.

Роберто Сакконе Кыргызстан менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда чек ара байланышын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө жана долбоорлорду практикалык ишке ашыруу үчүн Брешиядан Кыргызстанга бизнес-делегациянын иш сапарын уюштуруу маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий