• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте "Мекендештер – 2023" форуму өтөт

Коом 0


Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруусу менен 14-ноябрда “Мекендештер – 2023” форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум - өлкөнүн аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна мекендештердин потенциалын тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун өз-ара аракеттенүүсүн түзүү максатында өткөрүлөт.

Форумда:

• Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, инновациялык жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү;

• Жаңы жумуш орундарын түзүү жана мекендеш-инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды уюштуруу сунуштарын жүзөгө ашыруу;

• Чет өлкөдөгү мекендештердин Кыргызстан менен маданий-тарыхый байланыштарын колдоо боюнча сунуштары каралмакчы.

Иш-чара 14-ноябрда "Новотель" мейманканасынын чоң залында өтөт. Сурап-билүү телефондору: 0(312) 62 45 08, 0(312) 62 18 16.

Пикир

Оставить комментарий