• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $10,8 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга көп.

"Мында экспорттук жеткирүүлөр 49,6 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 21,6 пайызга көбөйдү", - деп түшүндүрдү ал.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү жылдын январь-сентябрь айларында 3 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 9,2 пайызга төмөндөдү. Бул мезгил ичинде республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (65,3 пайыз) жана Казакстанга (32,4 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий