• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы 3 айда ишкерлерди текшерүү учурунда 3,7 миңден ашуун бузууну аныктады

Экономика 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-кварталында 10 миң 552 рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзгөн. Анын ичинен 6 миң 555 рейддик салыктык контроль, 3 миң 997 контролдук сатып алуу. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзүү учурунда ишкерлердин иштеринде 3 миң 722 ар кандай бузуулар аныкталган, анын ичинде 1261 бузуу – контролдук сатып алуу учурунда.

Бузуулардын ичинен 913 субъектте уруксат документтери жок болсо, 537инде патенттин мөөнөтү өтүп кеткен, 229да контролдук-кассалык машина жок болгон, 74 субъект бузулган ККМди колдонгон, ал эми 899у чекти урбай же бербей койгондугу менен байланыштуу. Мындан тышкары, 4 субъектте акциздик маркалардын жоктугу же анын ылайык келбөөсү, 1066 – башка бузуулар аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий