• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарындагы гезит күркөлөрүн өзгөртүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы гезит күркөлөрүнүн ижарачылары менен объекттердин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гезит күркөлөрү «Бишкек шаарынын менчигиндеги жер участокторуна ижарага укук берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» жобого ылайык ижарага берилет.

Белгиленгендей, борбор калаада айына 100 миң 768 сомдук ижара акысы менен 123 гезит дүкөнү бар.

Райондор боюнча:

  • Биринчи май районунда 60;
  • Ленин районунда 19;
  • Свердлов районунда 27;
  • Октябрь районунда 17.

"Алардын максаты гезит-журналдарды сатуу, бирок аларда ар түрдүү суусундуктар, тамеки буюмдары, таттуулар да талапка карама-каршы келгендигин айта кетүү керек. Бул багытта муниципалдык менчикти башкаруу департаменти тарабынан да аталган объектилерди максаттуу пайдалануу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө". - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий