• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбор каалада мыйзамсыз курулушка каршы күрөшүү иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган күркѳ, Ауэзов жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки күркѳ алынды.

Кривоносов кѳчѳсүн оңдоого байланыштуу күркѳ жана бастырма шаар тургундарынын ѳз ыктыяры менен алынды. Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол салууга тоскоолдук кылган жеңилдетилген типтеги объект да демонтаждалган.

«Тунгуч» кичирайонундагы күркѳ ээлери тарабынан алынып, "Рухий-Мурас" конушундагы капиталдык фундамент түрттүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий