• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Вена шаарында советтик жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлду

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-августунда Россиянын Австриядагы элчилиги тарабынан уюштурулган Вена шаарынын Борбордук көрүстөнүндөгү советтик аскерлерге арналган мемориалдын ачылышынын 75 жылдыгына карата гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана кызматкерлери, Вена шаарынын мэриясынын жана "Австриялык Кара Крест" коомдук уюмунун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеев жана элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын атынан Вена шаарын фашисттик моюнтуруктан бошотулушу үчүн курман болгон мекендештердин жаркын элесин советтик жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюу менен эскеришти.

Австрияда Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы менен байланышкан үч жүздөн ашык советтик аскер көрүстөндөрү жана мемориалдык жерлер бар. Туткундарды кармоонун өзгөчө катаал режими менен айырмаланган мурдагы Маутхаузен концлагери жайгашкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1938-жылдан 1945-жылга чейин Маутхаузенде 70 өлкөдөн келген 90 миңге жакын адам каза болгон, анын 32180 – советтик жоокерлер болгон. Алардын арасында Кыргызстандан барган, бүгүнкү күндө ысымдары аныкталган. Б.Ш.Шавданов, Р.Б.Тилебалдеев, Г.И.Ибрагимов, В.С.Долгошеев, А.Дорохов, Д.Аттекуров, П.Жариков, П.Саидаев, Д.Жайлбаев, Т.К.Канаев, И.Иванец, П.Языков, В.Козенко, П.Я.Лобастов, А.Атаваев, Э.М.Тагаев, С.Жунушалиевдер бар.

Бул жагдайларга байланыштуу 2021-жылдын 17-июлунда Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин жардамы менен Маутхаузен концлагеринде Австрияда курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына мемориалдык такта ачылды. Муну менен, Кыргызстандын Австриядагы жана кошумча аккредиттештирилген өлкөлөрдө курман болгон кыргызстандыктардын элесин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Жогорудагы иш-чаранын алдында, бир күн мурда, Венадагы Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө Кыргызстандын элчиси Толенды Макеев менен Россиянын элчиси Дмитрий Любинскийдин жолугушуусу болуп, анда эки тарапты кызыктырган бир катар маселелер боюнча пикир алмашуу болур өттү. Тараптар биргелешкен маданий, билим берүү жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн салттуу активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий