Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: Билим берүү системасы

Өкмөт 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер мабинети өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маалыматтык материалдардын циклин чыгарууну улантууда.

Бул макала билим берүү системасы жөнүндө.

Эгемендүүлүк алгандан кийин республикада ири реформалар башталды. Баштан кечирип жаткан экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, өлкө кайрадан жаралды – бул өзүнүн символдору, улуттук валютасы жана өзүнүн билим берүү системасы.

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын биринчи Мыйзамы 1992-жылдын 16-декабрында, ал эми учурда иштеп жатканы 2003-жылы кабыл алынган. Ошол эле учурда зарылчылыктын негизинде мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, алар билим берүүнүн структурасын, сырткы көрүнүшүн, форматын өзгөрткөн.

30 жыл ичинде бала бакчалардын саны эң чоң өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү, бул сандар өзү айтууда: 1991-жылы 1604 бала бакча болсо, 2000-жылы бул цифра 416ны түзгөн, ал эми 2021-жылы – 196 миң баланы камсыздаган 1648 бала бакча иштейт.

Бул убакыт аралыгында мектептердин саны 1796дан 2296га чейин көбөйдү, мугалимдердин санынын өсүшү 69 миң 871ден 82 миң мугалим катталды. Бирок, мектепке чейинки билим берүүчү тарбиячылардын саны 12 миң 981ден 8301ге кыскарды. Кесиптик лицейлердин деңгээлинде системаны оптималдаштыруунун эсебинен мугалимдердин саны 5335тен 3403кө чейин кыскарды.

Орто атайын билим берүү мекемелеринин (ОББМ) мугалимдеринин саны 3630дан 7299 адамга чейин өстү, ЖОЖдордо профессордук-окутуучулук курам 12 миң 197 мугалимге чейин көбөйтүлдү, буга чейин 5142 адам болгон.

Баса, мындан 10 жыл мурун деле мугалимдердин орточо айлыгы 3500 сомду түзгөн. Эми айына 17 миң сомго чейин көбөйдү. Эмгек акынын жогорулашы мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин азайтууга жардам берди: эгер 2012-жылга чейин жыл сайын тартыштык 3,5-4 миң адамды түзсө, 2020-жылы 700гө жакын адамды түзгөн.

Билим берүү системасын санариптештирүү боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлдү. 2021-жылга карата мектептердин 99%ы окутууда интернетти колдонушат, бийик тоолуу аймактардагы мектептердин 1%ы кабелди орнотууга техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугунан жергиликтүү зымсыз байланыш интернети аркылуу билим берүү ресурстарын изилдөөгө мүмкүндүк берген Илим-бокс жабдуулары менен жабдылган.

Ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү мекмелерине электрондук кезек" жана "Электрондук биринчи класска кабыл алуу" демилгелери ишке ашырылды.

COVID-19 пандемиясы билим берүү системасынын электрондук трансформациясын тездетүүгө да таасирин тийгизди.

2020-жылы окуу процесси толугу менен дистанттык форматка өткөрүлүп, студенттер үчүн да, мугалимдер үчүн да электрондук билим берүү аянтчалары, электрондук китепканалар, мектеп окуучуларын онлайн тестирлөө үчүн аянтчалар, телекөрсөтүү платформалары аркылуу сурдокотормосу камсыздоо менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү деңгээлдери үчүн 7 миңден ашык видео сабактар түзүлгөн.

Абитуриенттерди кабыл алуу системасы кесиптик билим берүүчү деңгээлде санариптештирилди.

Белгилей кетчү нерсе, бул жылдар аралыгында билим берүү тармагында жасалган иштердин баары өзүнөн-өзү чыккан чечимдер эмес, дайыма пландалган өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болгон.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аракети топтолгон тажрыйбанын жана маалыматтардын анализинин негизинде бирдей жеткиликтүүлүктү, билим берүүнүн сапатын, атыкчылыктуу башкарууну жана каржылоону камсыздоо сыяктуу негизги милдеттерди чечүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий