• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Боом капчыгайында 7, 8, 10, 11-май күндөрү таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Таш түшүрүү иштери Бишкек– Нарын –Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (темир жолдун 3902-чакырымында) жүргүзүлмөкчү.

Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолду маал-маалы менен жаап турат. Маалыматта жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталары айтылат.

"Кыргыз темир жолу" айдоочуларга кайрылып, каттамды алдын ала пландоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий