Бишкек шаарынын комендатурасы: Мурда берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Белгилүү болгондой өзгөчө абал 15-апрелге чейин киргизилгендиктен уруксат кагаздары ошол мөөнөткө чейин эсептелип берилген. Мурда алынган өткөрмө кагаздардын мөөнөтү аяктап жаткандыктан жарандарда аны кайра жаңыртуу керекпи деген суроо жаралган.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын комендатурасы билдирүү жасап, мурда берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү узартыларын билдирди.

"Бишкек шаарынын комендатурасы өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартылгандыгына байланыштуу буга чейин берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө узартыларын билдирет. Өткөрмө кагаз алуу үчүн жарандар 1312.tunduk.kg порталында онлайн арыз тапшырса болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий