• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Депутаттар коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган бир катар сунуштарын беришүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп, ага башка тармактык комитеттердин мүчөлөрү да катышууда.

Депутаттар коронавирус илдетинин жайылышына каршы киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында жасалып жаткан иштерге байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп, айрым суроолорду Өкмөт өкүлдөрүнө узатышууда.

Алсак, депутат Гүлкан Молдобекова коюлган блок-посттордо турган саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана күч органдарынын кызматкерлеринин ишине керектүү шарттарды түзүү менен алардын коопсуздугун да көзөмөлгө алуу зарылчылыгын кошумчалады.

“Күндөн-күнгө ооруга чалдыккан саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин саны өсүүдө. Өз өмүрүн тобокелдикке салып, ушул маалда эл үчүн кызмат кылып жаткан бардык тиешелүү кызматкерлерди тесттен өткөрүп, саламаттыгына кам көрүшүбүз керек”,– деди депутат Гүлкан Молдобекова.

Ал эми депутат Зарылбек Рысалиев коомдук-саясий турмушту туруктуу сактоо маселесин көтөрүп, керек учурда ыкчам иликтөө тобун жана атайын мамлекеттик комиссия түзүү сунушун берди.

Мындан тышкары, депутат Руслан Казакбаев дүйнөдө коронавирус илдетине байланыштуу оор кырдаал жаралып жатканын белгилеп: “Адамзат али илдетке каршы дары таба элек. Ага ылайык, оорунун кесепети узакка созулчудай. Андыктан, белди бекем бууп, илдетти каршы күрөшүүнү улантуубуз керек”, – деди.

Муну менен катар депутат Кыргызстандагы оорунун деңгээли жана анын жайылышы боюнча ар кандай маалыматтар чыгып жатканын айтып, Өкмөттү эл аралык изилдөөлөрдүн божомолдоруна көңүл буруу менен так маалыматты элге жеткирип турууга чакырды. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында азык-түлүк ташып жеткирүүгө атайын “жашыл коридор” ачуу маселесин көтөрдү.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий