Бишкек мэри №8 автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-октябрда Чыңгыз Айтматов проспектисинин Түштүк магистралынын кесилишинен жогору жерде №8 автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, кырсыктын кесепетинен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 12 адам жеткирилип, алардын 4ү ооруканага жаткырылган, 8и жеңил жаракат алгандар амбулатордук дарыланууга үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Стационардык дарыланып жаткан 4 жаранга Бишкек шаарынын мэриясынын резервдик фондунан материалдык жардам бөлүндү.

Белгилей кетсек, бул факт КР ЖКК 155-беренесине ылайык кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Мындан тышкары, бул окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза дайындалып, ал КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын эксперттерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий