Текебаев "Schmid Group" компаниясынын директору менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кечээ, 29-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев "Schmid Group" компаниясынын аймактык директору Вальдемар Лихтенберг менен Кыргызстанга түз инвестиция тартуу маселесин талкуулады.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири айрыкча жашыл экономика жана энергиянын кайрадан жаралуучу булактары тармактарына түз инвестиция тартуу болуп саналат.

Жолугушуу учурунда элчи Өмүрбек Текебаев аймактык директор Вальдемар Лихтенберг менен германдык инвестициялардын көлөмүн Кыргызстандын энергетика тармагына, анын ичинде энергиянын кайрадан жаралуучу булактарына көбөйтүү маселесин талкуулады.

Тараптар аталган жаатта ишти биргелешип жигердүү алып барууга макулдашышты.

Белгилей кетсек, "Schmid Group" компаниясы 2016-жылы Кыргызстанга инвестиция салып, күн нурунан электр энергиясын алуучу панелдерди чыгаруу боюнча кыргыз-герман биргелешкен ишканасын түзүп, ал ишкана азыркы тапта "Бишкек" эркин экономикалык зонасында иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий