• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Талас жана Чүйдө катуу шамал эки мектептин жана желимдөө жайынын чатырын учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Талас жана Чүй облусунда катуу шамал эки мектептин жана желимдөө жайынын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Токмок шаарында 29-мартта саат 15:35тер чамасында ылдамдыгы 20-22 м/с жеткен катуу шамал катталып, Комсомольская көчөсүндөгү №1 орто мектебинин болжол менен 91 чарчы метр спорт залынын чатырын учуруп кеткен.

Аламүдүн районда ылдамдыгы 17-20 м/с жеткен катуу шамал катталып, Чугуев көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан дөңгөлөк желимдөөчү жайынын (вулканизация) чатырын шамал учуруп, электр зымына илинип калган.

Ал эми Талас облусунда ылдамдыгы 25-27 м/с жеткен катуу шамал катталып, Шекер айылынын Момбеков көчөсүндө жайгашкан Т.Айтматов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырын учуруп кеткен.

Жогорудагы окуялардан жабыркагандар катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий