• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек мэриясы шаар тургундарын балаты базарына чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында, Медеров-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

"Базардан ар ким өзүнө жаккан – ар кандай курактагы, көлөмдөгү жана түрдөгү тирүү даракты таба алат. Ассортиментте арча, туя, сибирь пихтасы, карагай жана башка түрлөрү бар. Бардык ийне жалбырактуулар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жылдык майрамдардан кийин дарактарды ачык жерге көчүрсө болот. Сатуу боюнча кеңешчилер дарактарды кантип туура отургузуу керектигин айтып беришет.

Балаты базары 2022-жылдын жаз айына чейин ишин улантат.

Пикир

Оставить комментарий