ИИМ Академиясынын эки курсанты президенттик стипендияга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 80 студентине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Академиянын 4-курсунун курсанттары Айдарбек Ильясов жана Кымбат Нуржановалар аталган стипендияга ээ болушту.

Милициянын катардагы курсанттары ички иштер органдарына 2018-жылдын июль айында КР ИИМ Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанты катары кабыл алынган.

"Курсанттар Академияга кабыл алынгандан бери илимий, маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен", - деп айтылат Академиянын маалыматында.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-декабрда КР президенти Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий