Кыргызстанда 10 окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 10 окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гулнара Баатырова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы республикада Эмгек министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барган 10 окуутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлорун түздү.

"Борборлор кесиптик лицейлердин базасында эмгек мигранттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында ачылган. Үч борбор Бишкектеги үч кесиптик лицейде жана жети областтык борбордо иштейт. Билим берүү программалары санариптик инструменттерди жана гибриддик окутуу форматтарын колдонууменен жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий