• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында өткөн форумда Мадумаров уктаган эмес – өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Ош шаарында 22-апрелде өткөн "Санариптүү Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү" аталышындагы форумда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров уктап жаткан деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар билдиргендей, айрым массалык маалымат каражаттарындагы аталган форумда президент Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатканда Акрам Мадумаров уктап жаткан деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, ушул аптанын башында айрым ММКда аталган форумдун катышуучулары президент сүйлөп жатканда уктап жатат деген маалыматтар чыккан.

Пикир

Оставить комментарий