• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 15-январынан 16-январына чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат,-деп билдирет ӨКМ кызматы.

Маалыматка ылайык, 15-16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2018-жылдын 15-январынан 16-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий