• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Орто-Сай базарынын айланасындагы башаламан соода иретке келтирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкектин Орто-Сай базарынын жана Юнусалиев көчөсүнүн айланасындагы башаламан соода иретке келтирилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн Октябрь администрациясынын кызматкерлери уруксатсыз соода жайларын аныктоо боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Орто-Сай базары жана Юнусалиев көчөсү текшерүүгө алынган, бул жерде администрациянын тынымсыз билдирүүлөрүнө карабастан, уруксатсыз соода түйүндөр кайра-кайра пайда болууда.

Мыйзамсыз ишкерлерге карата КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык, административдик протоколдор түзүлүп, эки категориядагы: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынды.

Рейддин жыйынтыгында 20дан ашык башаламан соода түйүндөрү жоюлуп, протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 18 миң сомго айыппул салынды, 3 муздаткыч (балмуздак), 12 отургуч, текче, стеллаждар алынды.

Бул багытта иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий