Ысык-Көлдө кыргыз-азербайжан бизнес-форуму башталды

Экономика 0

Бостери, 26.07.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедовдун катышуусунда бизнес-форум өтүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары буга чейин Азербайжандын бизнес коомчулугу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрүнө жана эң негизгиси Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга азербайжандык ишкер чөйрөлөрдүн жогорку кызыгуусуна ынанганын белгиледи. Бүгүн Азербайжандын бизнес делегациясынын Кыргызстанга келиши мунун ачык далили.

"Биздин ата мекендик ишкерлердин жакын арада ишкердик келишимдерге кол кою боюнча азербайжандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрү жакшы өтөт деп ойлойбцз. Бизди келечекте айыл чарба, жайкы жана кышкы туризм, энергетика, транспорттук логистика, жеңил өнөр жай жана коо-кен тармагында биргелешкен долбоорлор күтүп турат деп ишенебиз.

Албетте, бүгүн бизде соода-экономикалык кызматташтыктын ар кандай аспектилерин кеңири талкуулоого, дүйнөдөгү геосаясий турбуленттүүлүктүн шарттарында өз ара сооданын абалына жана келечегине токтолууга жакшы мүмкүнчүлүк болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи жыйынынын алкагында өтүүдө.

Иш-чарада эки өлкөнүн кызматташтыгынын түрдүү багыттары, анын ичинде туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык жүк ташуу, маркетинг жана консалтинг тармактары талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий