Казанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 44-отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бүгүн Россия Федерациясынын Казань шаарында Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 44-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР Бажы кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Татарстандын Раиси Рустам Минниханов жана Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларусиянын жана Казакстандын бажы кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 44-отурумунда ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасы боюнча товарларды классификациялоо, бажы наркынын деңгээли контролдонууга тийиш товарлардын категорияларынын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча иш-чаралардын жыйынтыктарына сереп салуу жана күн тартибине ылайык башка актуалдуу маселелер каралды.

Отурумда кабыл алынган чечимдер ЕАЭБ алкагында интеграцияны мындан ары да бекемдөөгө жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө умтулуусун баса белгилейт.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын кезектеги 45-отуруму 2024-жылдын 1-кварталында Беларусия Республикасында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий