• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Никелешүү жана никени бузуу күбөлүгү. Кыргызстанда эки жаңы санариптик документ пайда болду

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. “Түндүк” мобилдик тиркемесинде Никелешүү тууралуу күбөлүк жана Никени бузуу тууралуу күбөлүк жаңы санариптик документтер жеткиликтүү болду.

Санариптик өнүтүрүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө юридикалык мааниге ээ санариптик документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу күбөлүк жана никени бузуу тууралуу күбөлүк.

Санариптик документтер жеке идентификация талап кылынган бардык учурларда – мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарда көрсөтүлүшү мүмкүн.

Санариптик документтерди колдонуу үчүн:

  • AppStore же PlayMarketтен “Түндүк” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
  • Булуттук электрондук санарип кол тамгасын колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү. Электрондук кол тамганы “Түндүк” тиркемесинде онлайн же калкты тейлөө борборуна барып акысыз алса болот;
  • Тиркемеде “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүү.

Эгерде сиздин санариптик документ мобилдик тиркемеден көрсөтүлбөсө, аны санариптештирүү керек. Ал үчүн ыйгарым укуктуу органдга кайрылуу керек:

  • КТБ/Аймактык бөлүмдөр - паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу күбөлүк жана никени бузуу тууралуу күбөлүк;
  • “УНАА” ММ – транспорт каражатын каттоо күбөлүгү жана айдоочулук күбөлүк;
  • Эгерде үй-бүлөнүн курамы боюнча маалыматтар жок же туура эмес болсо, МАБ/айыл өкмөтүнө кайрылуу керек.

Жакында дагы бир санариптик документти – Пенсиялык күбөлүктү кошуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий