Кыргызстан менен Малайзиянын парламенттер аралык кызматташтыгын тереңдетүү маанилүү – Примов

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Эки күндөн бери Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанда расмий сапар менен жүрөт.

Күн мурун "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты арттырууга багытталган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Анда биринчи эле саясий кызматташтыкка басым жасалып, эки тараптуу алаканы өнүктүрүү маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргызстан-Малайзия саясий мамилелери тууралуу “Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примовго собол узатты.

Парламентарий эки тараптын алакасын өнүктүрүү боюнча кызыкчылыгын туудурган бир катар маселелерди тизмектеп өттү.

Бишкек менен Куала-Лумпур өкмөттөрдүн, дипломатиялык өкүлдөрдүн жана эксперттердин жолугушууларын камсыз кылуу ниетин билдиришти. Бул учурдун талабы катары дүйнөлүк маселелер боюнча пикир алмашууга өбөлгө түзөрү боолголонууда.

Аймактагы коопсуздукту чыңдоого, эл аралык терроризм, кибер коркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттер да алдыңкы сапта. Парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө да унутта калган жок.

Депутат Улан Примовдун пикиринде, Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө эл аралык мамилелерге активдүү катышып жаткандыктан, өзүнүн багытында иштей турган маселелер арбын.

“Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселесине келсек, парламент дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча мыйзамдарды, виза талаптарын жеңилдетүү же жокко чыгаруу боюнча мыйзамдарды, кандайдыр бир жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдарды ратификациялоо боюнча иштерин жүргүзѳт. Мунун баары эл аралык кызматташтыкка оң таасирин тийгизери шексиз. Ошондуктан бул багытта ишти улантуу зарыл. Ошондой эле парламенттердин төрагаларынын, тармактык комитеттердин, достук топторунун жана парламенттер аралык биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде өз ара мамилелерди тереңдетүү маанилүү. Мындай байланыштар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана парламенттер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстан Малайзия менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Жогорку Кеңеш Малайзиянын билим берүү, туризм жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча мыйзамдык тажрыйбасын кабыл алышы мүмкүн. Малайзиянын экономика, бюджетти башкаруу жана коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндөгү тажрыйбасын да белгилебей коюуга болбойт”, - деди эл өкүлү.

Муну менен катар Улан Примов мамлекеттик башкаруу, мыйзам чыгаруу жана жарандык коомду өнүктүрүү жаатында парламенттердин тажрыйба алмашуусу күн тартибиндеги зарыл маселелердин катарын толуктайт деген ойдо.

“Кыргызстан олуттуу тажрыйбаларга ээ. Ошол эле учурда дүйнөдө ондогон жылдардан бери парламентаризм институту менен жашаган өлкөлөр бар. Тажрыйба алмашуу аркылуу биз жашоо-турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө натыйжалуу мыйзамдарды иштеп чыгуу, реформаларды киргизүү жана аларды ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүк бар. Өлкөнүн өнүгүшү биринчи кезекте мыйзамдардын сапатына көз каранды. Айрым өлкөлөрдө салык салуу жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү, инвестицияларга жеңилдиктерди берүү менен алар экономикасында жигердүү ийгиликтерге ээ болушту. Ошондуктан парламенттер ортосунда тажрыйба алмашуу милдеттүү деп эсептейм. Мындан сырткары, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда, терроризм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүүдө парламенттин ролун эске алуу зарыл. Кээде тажрыйба алмашуу белгилүү бир максаттарга жетүү үчүн маанилүү ролду ойношу мүмкүн. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маданият, билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу маанилүү деп эсептейм. Бай тажрыйбага ээ болуу менен мамлекеттик башкарууну өнүгүүсүнѳ зор салым кошууга болот”, - деп белгиледи депутат.

Кыргызстан менен Малайзия Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында дүйнөлүк тартипти, адилеттүүлүктү бекемдөөгө жана эл аралык укукту сактоого багытталган демилгелерди биргелешип колдоого умтулууда. Бул жагынан караганда Жогорку Кеңештин кызматташууну тереңдетүүдөгү кадамдары турган иш.

“Жогорку Кеңеш парламенттер аралык уюмдарга катышуунун алкагында кызматташууну тереңдетүүсү зарыл. Ар кандай парламенттер аралык аянтчаларда активдүү өз ара аракеттенүү эл аралык мамилелерди чыңдоого, жалпы максаттарды илгерилетүүдө тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет, диалогго өбөлгө түзөт. Климаттын өзгөрүшү, экология жана башка маселелер сыяктуу глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттин ролун белгилеш керек. Мисалы, Кыргызстан көп жылдар бою экология, мөңгүлөрдү сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерин активдүү илгерилетип келет. Ал эми Жогорку Кеңеш өз кезегинде бул демилгелерди парламенттер аралык институттар аркылуу алдыга жылдырып жатат. Буга байланыштуу жогорудагы эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты бекемдөө зарыл”, - деп кошумчалады эл өкүлү Улан Примов.

Белгилей кетсек, Малайзия Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) Парламенттер аралык ассамблеясына мүчө. Анда Индонезия, Сингапур, Таиланд өңдүү бир катар мамлекеттер дагы бар. Ал эми Австралия, Беларусь, Грузия, Индия, Канада, Кытай, Марокко, Жаңы Зеландия, Норвегия, Пакистан, Россия, АКШ, Украина жана Япония сыяктуу бир катар региондон тышкары мамлекеттердин парламенттери байкоочу макамына ээ. Европарламент, Чыгыш Тимор жана Папуа-Жаңы Гвинея да бирдей статуста. Мындан улам АСЕАНдын “ондугуна” кирген өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосунда тыгыз кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүдө, мыйзам чыгаруу жаатындагы жалпы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды даярдоодо Малайзиянын Кыргызстанга бөлүшө турган тажрыйбасы бар десек жаңылыштык болбойт.

Пикир

Оставить комментарий