Бишкек шаарынын мэриясында түзүмдүк өзгөрүүлөр орун алды

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүндө жаңы мекемелерди – Муниципалдык менчикти башкаруу департаментин, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин жана Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясын түзүү боюнча токтомдорго кол койду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ведомствого караштуу мекемелерди кайра уюштуруу мэриянын түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ишке ашырылган жана Бишкек мэриясынын жетекчилиги тарабынан шаарды башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча жасалган биринчи кадам болуп саналат.

Шаардык муниципалитеттин ишине тоскоол болгон олуттуу терс факторлордун бири болуп мекеме-ишканалардын негизсиз бытырандылыгы саналат, бул жетекчилердин жана башкаруучу кадрлардын көптүгүн пайда кылган, ошондой муниципалдык ишканалардын алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге зыян келтирүүчү бюрократиялык түзүмдү күчөткөн. Буга байланыштуу бир катар тузүмдөрдү бириктирүү чечими кабыл алынды.

"Бишкек шаарында муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, муниципалдык менчик башкармалыгын жана жер ресурстары башкармалыгын бириктирип, Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары, Бишкекжарнама жана Шаардык парктардын, коомдук жайларды коммерциялык пайдалануу жагындагы функцияларын департаментке өткөрүп берүү менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти түзүлдү. Ушул эле токтом менен Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары, Бишкекжарнама муниципалдык ишканалары жоюлду", - деп айтылат билдирүүдө.

«Санитардык-экологиялык инспекция» жана «Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы» мекемелери Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы болуп кайра түзүлдү. Бул жеке жана юридикалык жактардын муниципалдык имараттарды жана жерлерди пайдалануунун тартибин көзөмөлдөө жана сактоо маселелеринде, таштандыларды башкаруу, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү чөйрөсүндө натыйжалуу ишти камсыз кылууга жардам берет.

Шаардык транспорт башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы болуп кайра түзүлдү. «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы», «Бишкек троллейбус башкармалыгы», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканалары башкармалыктын түздөн-түз карамагына алынган.

Башкармалыкты түзүүнүн максаты - коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу жана Бишкек шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын реформалоо, жолдорду оңдоо жана көрктөндүрүү объекттерин бирдиктүү орган түзүү аркылуу бүткүл автотранспорт процессин эффективдүү башкаруу жана жөнгө салуу жана автотранспорт кызматтарын көрсөтүү, курулуш, реконструкциялоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий