• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Кыргыз темир жолу” жыл башынан бери 271 миң 461 жүргүнчүнү тейледи

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2022-жылдын 9 ай ичинде жалпысынан 271 миң 461 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 73 миң 851 жүргүнчү - эл аралык каттамдар менен, 197 миң 610 жүргүнчү - ички каттамдар менен ташылган.

Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта кайрадан жанданып, июнь айынан сентябрга чейин жалпысынан 73 миң 851 жүргүнчү ташылган:

- Бишкек-Самара каттамы боюнча 27 644 жүргүнчүнү ташылган, жумасына эки жолу каттайт;

- Бишкек-Казан каттамы боюнча 25674 жүргүнчү ташылган, жумасына бир жолу каттайт;

- Бишкек-Новосибирск каттамы боюнча 20533 жүргүнчү ташылган, 8 күндө бир жолу каттайт;

Ал эми өлкө ичинде жалпысынан 197 610 жүргүнчү ташылган:

- Бишкек-1 – Токмок багыты боюнча 55 002 жүргүнчү, күнүгө каттайт;

- Бишкек-2 – Кайыңды багыты боюнча 123 424 жүргүнчү, күнүгө каттайт;

- Бишкек-2 – Рыбачье багыты боюнча жалпысынан 19 184 жүргүнчү, анын ичинен 917 жүргүнчү модернизацияланган вагон менен ташылган.

Пикир

Оставить комментарий