Италияда КРнын жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрүнүн бизнес-миссиясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын 2-5-ноябрь күндөрү Кыргыз республикасынын жеңил өнөр жай тармагындагы ата мекендик компаниялары үчүн Неаполь шаарында бизнес-миссия өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бизнес-миссия КР ТИминин демилгеси жана “Легпром” жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын көмөгү менен ата мекендик жеңил өнөр жай жана мода индустриясынын, Экономикалык дипломатия департаменти жана Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

"Бизнес-миссиясынын негизги максаты - италиялык тигүү, текстиль жана мода индустриясындагы мыкты тажрыйбаларын изилдөө. Иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик өндүрүүчүлөр бул багыттагы жаңы технологиялар менен таанышып, заманбап италиялык өндүрүштү, алардын стандарттарын жана автоматизациясын үйрөнүшөт. Ошондой эле кыргызстандык өндүрүүчүлөр белгилүү италиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бизнес-миссиянын алкагында биргелешкен кызматташуу маселелерин, анын ичинде кыргыз рыногуна белгилүү италиялык бренддерди тартуу жана алар менен тиешелүү контракттарды түзүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий