• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек,11.10.17./Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 11-октябрда саат 12:26 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 375-чакырымында катталган. Анда “Мерседес-Бенц Спринтер” (жүк ташуучу) үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, аласалып жол кырсыгына учураган.

“Окуя болгон жерге ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон айдоочуну 1985-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну М.У.Т. сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий