• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен өспүрүм табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен өспүрүм табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү Аксы районунда Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган эркек бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

9-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 11 куткаруучу тартылды. Бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 10-июнь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий