• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.18 /Кабар/. Миссури штатында жол кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жараны А.Муминовдун ден соолугунун абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Миссури штатынын автоинспекция кызматынын маалыматы боюнча, ичинде кыргызстандык А.Муминов болгон “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен “Фрайтлайнер” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. Кырсык 2018-жылдын 4-октябрында болжол менен түнкү саат 02:29дар чамасында Миссури штатындагы Салин округунун №70 федералдык трассасында катталган.

Эки унаа тең батышты көздөй багыт алган. Жол кырсыгынын кесепетинен Муминов Канзас-сити медициналык борборуна жаткырылган.

Учурда жабырлануучунун туугандарынын айтымында, дарыгерлер А.Муминовдун абалын оор, бирок туруктуу деп баалашууда.

Элчилик Муминовдун туугандары менен байланышта, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын алкагында аталган маселе боюнча мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүүдө. АКШда жана Канадада жашаган кыргыз мекендештердин жардамы менен А.Муминовго каражат топтолууда.

Пикир

Оставить комментарий