Баткенде Фергана өрөөнүнүн кубогу үчүн футболдук мелдеш өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан республикаларынын жаш өспүрүмдөр арасындагы Фергана өрөөнүнүн кубогу үчүн мелдештин ачылышы болуп, ага КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Юнисеф уюмунун өкүлдөрү менен Футбол Федерациясынын өкүлдөрү катышып, салтанаттуу ачып беришти.

Мелдештин максаты жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө менен футболду өнүктүрүү жана кошуна мамлекеттердин жаштарынын ортосунда достукту чыңдоо дейт уюштуруучулар.

Мелдешке Баткен, Ош облустарынын жана коңшу Өзбекстандын Фергана, Тажикстандын Согди облусунун жаш футболчулары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий