• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын күнүнө карата ММК өкүлдөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. Кечээ, 3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата ММК өкүлдөрү сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров шаардагы коомдук-саясий абалды, маданий-массалык иш-чараларды, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдыруудагы эмгеги үчүн Ош шаарынын күнүнө карата КТРК, Эл ТР МРТК, “Ош ТВ”, “Ош Пирим”, “Ынтымак” ТРКнын, “Азаттык” радиосунун, АКИpress маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн, “Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун”, “Ош Шамы” гезитинин жамааттарына Ош шаарынын мэриясынын Алкыш баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, эртең, 5-октябрда Ош шаары өзүнүн 3017 жылдыгын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий